Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:58

Пакистандагы талибдердин ана башына каршы рейд жүрдү


Маулана Фазлулла. Архивдик сүрөт.
Маулана Фазлулла. Архивдик сүрөт.

Пентагондун расмий өкүлдөрү Ооганстандын Кунар провинциясында Пакистандагы талибдердин ана башы жайгашкан жерди бутага алышканын билдиришти. Жергиликтүү өкүлдөр болсо дрондон урулган соккудан молдо Маулана Фазлулла мерт болгонун маалымдашты. Бирок бул кабарды башка маалымат булактары бышыктай элек.

АКШ армиясынын расмий адамдары 14-июнда билдиришкендей, мурунку күнү Пакистан менен чектеш Кунарда "Техрик-и-Талибан" тобунун лидерине каршы операция жүргөн. Ошол эле маалда атын атабаган америкалык расмий адамдар операция ийгиликке жеткен-жетпегенин айтышкан жок. Пакистандын бийлик өкүлдөрү Фазлулла Пакистанда анын уюму аскерлер тарабынан сүрүлүп чыккандан кийин кошуна Ооганстанда башпаанек тапканын билдиришти.

Топтун согушкерлери 2014-жылдын декабрында Пешавардагы аскердик мектепке кол салышканда 150 киши, көбүнчө балдар набыт болгон. Алар ошондой эле Малала Юсуфзайды атууга себепчи болушкан. Нобель тынчтык сыйлыгынын ээси Малала Юсуфзай Пакистандагы кыздардын билим алуусу үчүн күрөшүп келген.

XS
SM
MD
LG