Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:36

Түркияда жоголгон кыргызстандык кыз ооруканадан табылды


Нургиза Кулмамбетова.
Нургиза Кулмамбетова.

Стамбул аэропортунан жоголуп кеткен кыргызстандык Нургиза Кулманбетова Анкаранын мамлекеттик ооруканасынан табылды. Бул тууралуу "Азаттыкка" Кыргызстандын Түркиядагы элчилиги кабарлады.

Мекеме ырастагандай, бейтаптын жанында анын бир тууган агасы бар. Учурда консулдар окуянын чоо-жайын текшерип жатышат. Кыздын абалы боюнча маалымат так айтылган жок.

Маалыматка ылайык, 11-июнда кыргызстандык Нургиза Кулманбетова Торонто-Стамбул-Бишкек рейси менен учуп келе жатып, болжол менен Стамбулдун аэропортунун аймагынан дайынсыз жоголгон. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигине кыздын жакындары 13-июнда кайрылышкан.

Кулманбетова "Кумтөр" компаниясында эмгектенет жана издөө иштери боюнча компания атайын англиялык фирманы жалдаганы айтылат. (ElB\ErN)

XS
SM
MD
LG