Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Февраль, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:14

Укук коргоочулар Пакистанды куугунтукту токтотууга үндөштү


"Эл аралык мунапыс" уюмунун логотиби.
"Эл аралык мунапыс" уюмунун логотиби.

"Эл аралык мунапыс" уюму Пакистанды парламенттик шайлоо алдында укук коргоочуларды, активисттерди, журналисттерди жана жарандык коом өкүлдөрүн куугунтуктоону токтотууга үндөдү.

14-июнда таратылган билдирүүдө Лондондо жайгашкан бул уюм өлкөдө адамдарды камакка алуу, активисттер дайынсыз жоголгон учурлар болуп жатканын, сөз эркиндиги, жарандардын эркин чогулуу укуктары чектелгенин белгилейт.

Укук коргоочулар жакында Равалпинди шаарында тынч нааразылык акциясына катышкан 37 кишини шартсыз жана дароо бошотууга чакырышты. Айдын башында болсо британиялык-пакистандык журналист жана укук коргоочу Гүл Бухари кармалган. Парламенттик шайлоо 25-июлга белгиленген.

XS
SM
MD
LG