Линктер

ишемби, 21-июль, 2018 Бишкек убактысы 08:17

Казак парламенти аскерлердин БУУнун миссияларына катышуусуна макул болду


Казак парламенти. Астана, 15-июнь, 2018-жыл.

Казак парламенти өлкөнүн куралдуу күчтөрүнүн БУУнун миссияларына катышуусун колдоду. Президент Нурсултан Назарбаевдин сунушу эки палатанын жалпы жыйынында каралып, колго салынган.

Мамлекет башчы ошондой эле 120 жоокерди Ливандагы убактылуу миссияга жөнөтүүнү сунуш кылган. Алар Индия контингентинин курамында кызмат өтөшмөкчү. Апрелде казак коргоо министринин орун басары Талгат Мухтаров Казакстан БУУнун мандатынын негизинде Ливанга тынчтык сактоо күчтөрүн жиберүүнү пландаганын билдирген.

Коргоо министринин маалыматына караганда, 40тай аскерден турган байкоочу топторду Жакынкы Чыгышка, Кипрге, Индия менен Пакистанга, Ливанга жана Батыш Сахарага жөнөтүү каралууда. 2014-жылдан бери казакстандык 11 офицер 12 ай бою Кот д`Ивуар менен Батыш Сахарада БУУнун миссияларына катышкан.

XS
SM
MD
LG