Баткен облусунун Лейлек районунда да 15 үйдү бүгүн түшкө чейин жааган катуу жамгырдан кийинки сел каптады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.
Сөз болуп жаткан үйлөр Кулунду айыл аймагындагы Ак-Арык жана Раззаков айылдарында, Бешкент айыл аймагындагы Эски Оочу айылында жана Маданек тилкесинде орун алды. Үйлөрдүн короолорун да суу каптап, ичине да кирип, дубалдарын жеп кеткен. Ошондой эле райондо бир нече айылдарда ички чарбалык арыктарды жана ички чарбалык унаа жолдорун сел жууп кетти.
Куткаруу иштерин жүргүзүш үчүн жерине 11 куткаруучу тартылды.
Бүгүн эртең менен Баткен облусунун Баткен районунда катуу жааган жаандан улам 50 үйдү сел каптаганы кабарланган. (ErN)
Баткенде элүү үйдү сел каптады
2/12
Эң көп жабыркаган Ак-Сай айыл аймагындагы Кара-Бак айылында 45 үйдү суу каптады.
Баткен облусунун Баткен районунда 15-июнда катуу жааган жаандан улам элүү үйдү сел каптады.
3/12
Айылдарды аралап өткөн каналдан ашкан суу Самаркандек айыл аймагында эки үйдүн короолорун каптаса, Чет-Кызыл айылында бир үйдүн, Төрт-Гүл айыл аймагындагы Ак-Өтөк айылында бир үйдүн ичине суу кирип, дубалдарынын жарымын бузуп кеткен.
Баткен облусунун Баткен районунда 15-июнда катуу жааган жаандан улам элүү үйдү сел каптады.
5/12
Ошондой эле Дара айыл аймагындагы Жаңы-Жер айылында бир тоок фермага селдин суусу кирген.
Баткен облусунун Баткен районунда 15-июнда катуу жааган жаандан улам элүү үйдү сел каптады.
6/12
Мындан сырткары ички чарбалык арыктарды жана жолдорду сел жууп кетти.
Баткен облусунун Баткен районунда 15-июнда катуу жааган жаандан улам элүү үйдү сел каптады.
9/12
Тактоо иштерин жүргүзүш үчүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин бөлүмдөрүнүн ыкчам тобу жана райондук жарандык коргонуу комиссиясы окуя болгон жерлерге чыгып кетишти.
Баткен облусунун Баткен районунда 15-июнда катуу жааган жаандан улам элүү үйдү сел каптады.
Артка
Алдыга