Линктер

шаршемби, 12-декабрь, 2018 Бишкек убактысы 10:54

Украинанын акыйкатчысы абактагы Сенцов менен кездеше алган жок


Людмила Денисова.

Украин парламентинин адам укуктары боюнча өкүлү Людмила Денисовага Орусияда камакта отурган украин режиссеру Олег Сенцов менен жолугушууга уруксат берилген жок. Бул тууралуу жума күнү Ямало-Ненецк автоном аймагындагы колонияга барган Денисова "Фейсбукка" жазды.

Акыйкатчы колониянын башчысы жана аймактык жаза аткаруу башкармалыгынын жетекчиси менен кездешкендө алар Сенцов менен жолугушуу мүмкүн эмес экенин айтышкан. "Бирок себебин түшүндүрүшкөн жок", – деп жазды Денисова.

Ал эми Орусиянын акыйкатчысы Татьяна Москалькова украиналык өкүл Орусияда мыйзамсыз жүргөнүн, ал тараптар ортосундагы макулдашууларды бузуу болуп эсептелээрин билдирди. Москалькованын айтымында, Денисованын өтүнүчү менен Сенцовдун саламаттыгы жөнүндө маалымат алыш үчүн тиешелүү мекемеге кат жөнөтүлдү.

"Орусияда теракт даярдаган" деп айыпталган Сенцов 20 жылга кесилген. Ал жок жерден күнөөлөнгөнүн айтып келатат жана 14-майда ачкачылык жарыялап, акырына чейин тураарын айткан.

Аны колдоо боюнча акциялар ондогон өлкөлөрдө өтүп жатат.

XS
SM
MD
LG