Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Апрель, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:10

16-июндагы аба ырайы: кар жаашы ыктымал


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

"Кыргызгидромет" мекемесинин маалыматы боюнча, 16-июнда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөйт. Бийик тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал. Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда да жаан, бийик тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Өрөөндөрдө жаан-чачын жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүйдө түнкүсүн 9...14, күндүз 23…28;

Таласта түнкүсүн 7…12, күндүз 22…27;

Ош жана Жалал-Абадда түнкүсүн 10…15, күндүз 25…30;

Баткенде түнкүсүн 10…15, күндүз 26…31;

Ысык-Көлдө түнкүсүн 6…11, күндүз 19…24;

Нарында түнкүсүн 5…10, күндүз 17…22 градус болот.

​Бишкекте 16-июнда түнкүсүн жаан жаайт. Күндүз жаан-чачын болбойт. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 12…14, күндүзгү жогорку температурасы 26…28 градус болот. (ErN)

XS
SM
MD
LG