Ооганстандын Коргоо министрлигинин жогорку өкүлү жана Пакистан чалгын кызматындагы булактар Пакистандагы талибдердин ана башы молдо Маулана Фазлулла АКШнын соккусунан өлгөнүн тастыкташты.
АКШ армиясынын расмий адамдары 14-июнда билдиришкендей, мурунку күнү Пакистан менен чектеш Кунар провинциясында "Техрик-и-Талибан" тобунун лидерине каршы операция жүргөн. Ошол эле учурда атын атабаган америкалык расмий адамдар операциянын ийгиликке жеткен-жетпегенин айтышкан эмес.
Бирок ооган коргоо мекемесинин басма сөз катчысы Мохаммад Радманиш Фазлулла дрондон урулган соккудан каза тапканын "Эркин Европа/Азаттык" радиосуна жума күнү билдирди. Маалыматты Пакистан чалгындоо кызматынын өкүлү да бышыктады. Радмаништин айтымында, Фазлулла жана бир нече согушкер чек ара чөлкөмүндө жүргүзүлгөн “биргелешкен аба операциясынын” убагында жок кылынган. Бирок басма сөз катчысы кайсы булакка таянганы белгисиз.
Пакистандын бийлик өкүлдөрү Фазлулла Пакистанда анын уюмун аскерлер сүрүп чыккандан кийин кошуна Ооганстанда башпаанек тапканын буга чейин билдиришкен. Топтун согушкерлери 2014-жылдын декабрында Пешавардагы аскердик мектепке кол салышканда 150 киши, көбү балдар курман болгон. Алар ошондой эле Малала Юсуфзайды атууну уюштурушкан. Нобель тынчтык сыйлыгынын ээси Малала Юсуфзай Пакистандагы кыздардын билим алуусу үчүн күрөшүп келет.