Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:07

Тоңдо сел 32 үйдү каптап, дамбаларды жууп кетти


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Ысык-Көл облусунун Тоң районуна караштуу Ак-Сай айылында сел суусу 32 турак үйдү каптап кетти. Бул тууралуу бүгүн “Азаттык” радиосуа Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Жума күнү кечке маал жааган нөшөр жаандан кийин Көк-Сай айылында 5,5 гектар айдоо жерди, Тогуз-Булак айылында 40 метр ички жолду сел каптады. Ак-Сайда төрт жерде суунун агымы дамбаларды жууп кетти.

Учурда жаратылыш кырсыгынын кесепеттерин жоюу иштери жүрүп жатат.

Селге байланыштуу 15-июнда Баткенде үч районго өзгөчө кырдаал режими киргизилген. (RK)

XS
SM
MD
LG