Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:13

Түркмөнстан: Аймактарда нан паспорт менен гана сатылууда


Ашгабатта азык-түлүк дүкөнүнө кезек күткөндөр.
Ашгабатта азык-түлүк дүкөнүнө кезек күткөндөр.

Түркмөнстандын мамлекеттик дүкөндөрүндө азык-түлүккө кезек күткөндөрдүн саны көбөйүп, аймактарда нанды паспорт менен гана берип жатышат. Бул тууралуу “Азаттык” радиосунун түркмөн кызматы кабарлады.

Борбор шаар Ашгабатта кант, ун жана өсүмдүк майы тартыш экени айтылууда.

«Түркмөнстандын альтернативдүү жаңылыктары» басылмасынын маалыматына караганда, мамлекеттик дүкөндөрдө бир сатып алуучуга бир килограмм кант жана 10 жумурткадан гана берилүүдө.

Дүйнөлүк базарда газдын баасы арзандап кеткенине байланыштуу Түркмөнстан экономикалык каатчылыкка туш болгону, элдин жашоо деңгээли төмөндөп, жумушсуздук көбөйүп кеткени айтылып келе жатат. (RK)

XS
SM
MD
LG