Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:23

Трамп: Путин менен жолугушуу болушу мүмкүн


Акыркы жолу президенттер Путин жана Трамп Вьетнамда 2017-жылдын 11-ноябрында жолугушкан.
Акыркы жолу президенттер Путин жана Трамп Вьетнамда 2017-жылдын 11-ноябрында жолугушкан.

АКШ президенти Дональд Трамп Орусия лидери Владимир Путин менен ушул жылдын жай айларында жолугушу ыктымал. Бул тууралуу Кошмо Штаттардын президенти жума күнү Ак үйдө журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып билдирди.

Трамп ошондой эле Орусияны кайрадан “Чоң жети” уюмунун курамына кайтууга чакырды.

Мындан тышкары ал 2014-жылы Орусия Крымды аннексиялап алышына мурдагы президент Барак Обаманын да күнөөсү болгон деген пикирин билдирди.

“Чоң жети” уюмуна учурда Улуу Британия, Германия, Италия, Канада, АКШ, Франция жана Жапония мүчө. 1997-2014-жылдары анын курамына Орусия да кирчү. Бирок Украинанын чыгышындагы согуш башталганда аны бул биримдиктен чыгаруу чечими кабыл алынган. (RK)

XS
SM
MD
LG