Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:17

ЖЭБдин аймагында түтүк жарылды (видео)


16-июнда Бишкекте Жылуулук электр борборунун аймагында суу түтүктөрү жарылды. Шаар тургундары бир нече метр бийиктикке атырылып жаткан сууну тасмага тартып, социалдык тармактарга таратышты.

“Энергохолдинг” компаниясынын басма сөз катчысы Тагжана Айдаралиева “Азаттык” радиосуна кооптонууга негиз жок экенин, магистралдык түтүктөр шаарга ысык суу берээр алдында пландалган текшерүүдөн өткөрүлүп жатканын билдирди.

“Тешиктерди табыш үчүн чоң түтүктөргө атайын катуу басым менен суу берилет. Биздин адистер кырдаалды көзөмөлдөп, штаттык режимде иштеп жатат”, - деди Айдаралиева. (BCh)

XS
SM
MD
LG