Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:12

Москвадагы жол кырсыгына байланыштуу кылмыш иши козголду


Окуя болгон жер.
Окуя болгон жер.

Москванын полициясы Ильинка көчөсүндө 16-июнда болгон жол кырсыгына байланыштуу кылмыш ишин козгоду. Мекеменин маалыматына караганда, кырсыктан жети адам жабыркады, алдын ала маалыматка караганда, таксинин айдоочусу рулду башкара албай калып, тротуарга чыгып кеткен.

Иш Орусиянын Кылмыш-жаза кодексинин 264-беренесинин (Жолдо жүрүү жана транспорт каражаттарын пайдалануу эрежелерин бузуу) негизинде козголду.

Орусиялык маалымат каражаттары айдоочу кыргызстандык жаран, 28 жаштагы Анарбек уулу Чыңгыз экенин кабарлашты. Кабарларга тиркелген документке ылайык, айдоочулук күбөлүктү ал Кыргызстандан алган. Адегенде айдоочу мас болчу деген кабар тарап, кийин бул маалымат такталган жок, ал уктап кеткени айтылды.

Алгачкы суракта ал адамдарды атайын сүзбөгөнүн, тормозду басам деп газды басып алганын айтканы, спирттик ичимдик ичпеси жана буга чейин жол эрежесин бузбаганын билдиргени да кабарланууда.

Кыргызстандын Москвадагы элчилигинин басма сөз катчысы Гүлбарчын Байымбетова кармалган жигит Орусия ИИМнин Тверь райондук бөлүмүндө сурак берип жатканын билдирди. Элчилик окуяны өз көзөмөлүнө алды.

Жабыркагандардын абалы тууралуу азырынча так маалымат бериле элек, алардын арасында Мексикадан барган футбол күйөрмандары бар экени айтылган. (RK)

Чыңгыз: 2-3 гана саат уктагам
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:36 0:00

XS
SM
MD
LG