Футбол боюнча дүйнөлүк чемпионаттын алкагында азырынча турнирдин эң күчтүү командасы саналган Бразилиянын футболчулары Швейцария менен ойнойт. Эки өлкөнүн оюну Бишкек убактысы боюнча түнкү саат 12:00дө башталат.
Ал эми бүгүн саат 21:00дө учурдагы чемпион наамынын ээси Германиянын улуттук курамы Мексиканын футболчулары менен талаага чыгат. Ошондой эле кечки саат алтыда Коста-Рика менен Сербиянын улуттук курамдары “Е” тобунун алкагында алгачкы оюндарын өткөрөт.
Орусиядагы дүйнөлүк футбол чемпионатынын бүгүн төртүнчү күнү. Учурда командалар алгачкы тайпалык оюндарын өткөрүүдө. (SDz)