Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Октябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:14

Энергохолдинг: ЖЭБ кадимки тартипте иштөөдө, ысык суу 22-июнда берилет


Бишкек ЖЭБ.
Бишкек ЖЭБ.

Бишкектин Жылуулук электр борбору (ЖЭБ) кадимки тартипте иштеп жатат жана анда 16-июнда жүргүзүлгөн түтүктөрдү текшерүү иштери ысык суунун кайра бериле баштоо мөөнөтүнө таасир этпейт.

Бул тууралуу бүгүн “Азаттык” радиосуна “Улуттук энергохолдингдин” басма сөз катчысы Тагжана Айдаралиева билдирди:

- Кечээ шаар тургундары жылуулук трассасынын жыл сайын пландык негизде, ысык суу өчүрүлгөн маалда жүргүзүлүүчү гидравликалык текшерүүсүнө күбө болушту. Мында түтүктөрдүн ичине атайылап нормадан жогору басым берилип, бузулган жерлер болсо аныкталат. Эгер дефект табылса дароо аны жумушчулар барып оңдошот. Кечээ күнкү фонтан Бишкек ЖЭБнин аймагында болду, себеби “Бишкек жылуулук түйүнүнүн” түтүктөрү ошол жерден, ЖЭБдин тосмосун бойлой өтөт. Шаардыктар ал жерде кырсык болду деп ойлогон чыгар. Бирок чынында ЖЭБ штаттык режимде иштеп жатат, эч кандай авариялык кырдаал жок. Бул текшерүүлөр ысык суунун бериле баштоо мөөнөтүнө таасир этпейт. График боюнча шаардыктарга ысык суу 22-июнда берилет.

16-июнда Бишкекте “Жылуулук электр борборунун аймагында суу түтүктөрү жарылды” деген маалымат тараган. Шаар тургундары бир нече метр бийиктикке атырылып жаткан сууну тасмага тартып, социалдык тармактарга таратышкан. (RK)

XS
SM
MD
LG