Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Октябрь, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:56

Киевде ЛГБТ уюмдарынын маршы өттү

Киев. 17.06.2018
Киев. 17.06.2018

Украинанын борбор шаары Киевде ЛГБТ уюмдары бүгүн "Киев Прайд - 2018" маршын өткөрүштү.

Уюштуруучулар “Теңдик маршы” деп атаган иш-чарада “Биздин позиция – эркиндик!”, “Адам укугу – баарынан жогору турат” деген ураандар айтылды.

Акцияга болжол менен эки миңдей адам катышканы айтылды. Аларды ошончо эле полиция жана улуттук гвардиячы кайтарып турду.

Ага чейин радикал уюмдар бул иш-чараны үзгүлтүккө учуратарын айтып чыгышкан. Марш аяктагандан кийин анын катышуучулары "Рахмат, полиция! Рахмат, Киев!" деген ураандарын айтышты. (RK)

​
XS
SM
MD
LG