Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:54

Ооганстандагы жардыруу бери дегенде 18 кишинин өмүрүн кыйды


Ооганстан. 4.06.2018
Ооганстан. 4.06.2018

Ооганстандын Нангархар провинциясында жанкечтинин жардыруусунан жекшембиде кеминде 18 киши өлдү. Губернатордун басма сөз катчысы Атаулла Хогияни Жалалабад шаарында болгон кол салуудан отузга жакын киши жараланганын билдирди.

Жергиликтүү бийлик имаратынын жанында болгон жардырууну ким уюштурганы азырынча белгисиз. Маалыматтарга караганда, ал маалда талиб согушкерлери, ооган бийлик өкүлдөрү жана аскер адамдары менен карапайым эл чогулган. Талибдер буга чейин Кабул өкмөтүнүн орозо айында зордук-зомбулукту токтотуу сунушуна макул болушкан.

Ушундай эле теракт Нангархарда 16-июнда да болгон. 36 кишинин өмүрүн алган кан төгүү үчүн жоопкерчиликти өзүнө “Ислам мамлекети” радикал тобу алды.

Президент Ашраф Гани 17-июнда соңуна чыгып жаткан ок атышпоону улантууну сунуш кылган. Бирок маалыматтарга караганда, "Талибан" ага көнгөн жок.

XS
SM
MD
LG