Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:23

Анжелина Жоли Ирактагы качкындар лагерине барды


Анжелина Жоли.
Анжелина Жоли.

Улуттар уюмунун Качкындар агенттигинин атайын чабарманы, белгилүү актриса Анжелина Жоли Ирактын түндүгүндөгү сириялык качкындардын лагерине барды.

Голливуддун жылдызы 33 миң киши баш калкалаган Домини лагеринде качкындардын үй-бүлөлөрү менен жолугушуп, турмуш шарттары менен таанышты. Анын алдында актриса ирактык аскерлер экстремисттерден кайтарып алган Мосул шаарында болгон. Жихадчылар калааны үч жыл мурун басып алып, негизги таянычына айландырышкан. Ал жердеги кармаштарда 900 миңдей киши өлгөн.

Жоли Мосулдун түндүгүндө талкаланган көчөлөрдү кыдырып чыкты. Чабарман бул кызматты аркалап келаткандан бери мынчалык бүлүнгөн, талкаланган шаарды көрө электигин айтты.

БУУнун качкындар мекемесинде 2001-жылдан бери иштеп келаткан Жоли Иракка ушуну менен бешинчи жолу барды.

XS
SM
MD
LG