Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:38

АКШнын Нью-Жерси штатында атышуудан 20 киши жарадар болду


АКШ. Иллюстрациялык сүрөт.
АКШ. Иллюстрациялык сүрөт.

Нью-Жерси штатынын Трентон шаарында 17-июндагы атышуудан 20 киши жарадар болду. Ал эми кол салган эки адамдын бири, 33 жаштагы эркек атып өлтүрүлдү. Анын шериги да жарадар болгондон кийин кармалды.

Жергиликтүү прокурордун маалыматына караганда, жабыр тарткандардын төртөө өтө оор абалда. Алардын ичинде 13 жаштагы бала да бар.

“Асcошиэйтед Пресс” маалымат агенттиги кабарлагандай, эки киши “Art All Night” искусство фестивалы өтүп жаткан учурда аянтта ок аткан. Учурда факты боюнча тергөө уланып жатат. Полиция кол салгандардын башка шериктерин да издөөгө алууда. (ErN)

XS
SM
MD
LG