Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:43

Футбол-2018: Германия Мексикага утулду


Германиянын футболчулары машыгуу учурунда.
Германиянын футболчулары машыгуу учурунда.

Футбол боюнча дүйнө чемпионатында учурдагы чемпион наамынын ээси Германиянын командасы алгачкы тайпалык оюнду Мексика менен өткөрүп, 0:1 эсебинде жеңилди. Оюндун жүрүшүндө Германия көпчүлүк убакта топко ээлик кылып, чабуул койгону менен 90 мүнөт ичинде гол киргизе алган жок. Ал эми Мексиканын командасы 35-мүнөттө контрчабуулдун натыйжасында жалгыз гол киргизгенге жетишти.

Дагы бир чемпионаттагы эң күчтүү деп саналган Бразилиянын улуттук курама командасы да алгачкы Швейцария менен беттешкен оюнун тең чыгуу менен гана аяктады. Жалпы эсеп 1:1 менен жыйынтыкталды.

Учурда Германия кирген “F” тайпасында Мексика үч упай менен алдыга чыкса, Бразилия жайгашкан “Е” тайпасында Сербияда үч упай, Швейцария менен Бразилияда бирден упай бар.

Дүйнө чемпионатынан алкагында бүгүн тайпалык оюндар уланат. Анда Швеция – Корея, Бельгия – Панама жана Тунис менен Англия өлкөлөрүнүн футболчулары ойношот. (SDz)

XS
SM
MD
LG