Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:00

Активист Токтонасыров казакстандык блогерди колдоп пикетке чыгат


Муратбек Тунгышбаев.
Муратбек Тунгышбаев.

Жарандык активист Өндүрүш Токтонасыров бир ай мурда Бишкекте кармалган казакстандык блогер жана активист Муратбек Тунгышбаевди колдоп, Казакстандын Кыргызстандагы элчилигинин алдына чыгат. Бул тууралуу Токтонасыров “Азаттыкка” кабарлады.

Токтонасыров казакстандык активист Муратбек Тунгышбаевге качкын макамын берүүнү талап кылып келет. Мындай талап менен ал 12-июнда Жогорку соттун алдында майкачан пикет өткөргөн. Ал муну "адам укугун коргош үчүн Кыргызстан төшүн тосуп бериши керек" деген чакырык деп түшүндүргөн.

Буга чейин акыйкатчы Кубат Оторбаев Тунгышбаевди Казакстанга өткөрүп бербөөгө чакырган.

Казак бийлигинин өтүнүчү менен 10-майда Бишкекте кармалган Муратбек Тунгышбаев учурда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагында отурат. Тунгышбаевдин Кыргызстанга качкын макамын берүү тууралуу арызы каралып жатканын Мамлекеттик миграция кызматы кабарлаган.

Астана блогерди "өлкөдө тыюу салынган “Казакстандын демократиялык тандоосу” кыймылын колдойт" деп айыптап жатат. Өзү жана туугандары бул айыпты саясий куугунтук катары баалап, эл аралык уюмдардан жардам сураган.

Анын адвокаты Нурбек Токтакунов башкы прокурордун орун басары Жамиля Жаанбаеванын активистти Казакстанга кайтаруу тууралуу токтомуна каршы арыз менен сотко кайрылган. (ErN)

XS
SM
MD
LG