Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:42

Ат-Башыда 18 адам кутурмага каршы эмдөөдөн өттү


Кыргызстандагы эмдөө өнөктүгүндөгү учур. Иллюстрациялык сүрөт.
Кыргызстандагы эмдөө өнөктүгүндөгү учур. Иллюстрациялык сүрөт.

Нарында, Ат-Башы районунун Арпа жайлоосунда кутурмадан кырылган койдон кесел жуктуруп алышы мүмкүн деп шек саналган 18 адам эмдөөдөн өттү.

Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Карантиндик жана өтө кооптуу оорулар боюнча республикалык борбордун директорунун орун басары Нурболот Үсөнбаев “Азаттыкка” билдирди.

Арпа жайлоосунда кутурмадан кырылган элүүдөй койдун өлүгү 15 күндөй талаада жатып, мурдагы күнү көмүлгөнүн жергиликтүү тургун Оёнбек Жумабаев 17-июнда “Азаттыкка” билдирген.

Казыбек айылынан Арпа жайлоосуна чыккан жергиликтүү тургундун малына карышкыр тийген. Ошондон кийин малдын ээси менен ветеринар койдон кутурманын белгилерин байкап, Бишкек шаарына текшерүүгө жөнөтүшкөн. Текшерүүнүн жыйынтыгы менен малга кутурма жукканы аныкталган. (ErN)

XS
SM
MD
LG