Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:36

Бүгүн премьер-министр үйлөрдү сел алган аймактарга барат


Сел алып кеткен үйлөр. Лейлек, 15-июнь, 2018-жыл.
Сел алып кеткен үйлөр. Лейлек, 15-июнь, 2018-жыл.

Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн түштөн кийин Баткен облусундагы сел каптаган айылдарга барып, жабыр тарткандардын абалы менен таанышат. Бул тууралуу өкмөттүн аппараты кабарлады.

Премьер-министр ошондой эле талаа иштеринин жүрүшү, көпүрө жана башка социалдык объектилердин курулушу, чакан ГЭСтин жана айыл чарба өндүрүмүн кайра иштеп чыгарчу кичизаводдун ишин көрөт. Анын иш сапары эки күнгө созулат.

15-июндан берки катуу жаан-чачындан улам Баткен облусунда жалпысынан 259 үйдү сел каптаган. Алардын көбүнүн короолоруна суу кирип, бир тобунун ичине чейин кирип кеткен. Бир нече үйлөрдүн дубалдары бузулган.

Селге байланыштуу 15-июнда Лейлек, Баткен жана Кадамжай райондорунда өзгөчө кырдаал режими киргизилген. Жергиликтүү бийлик жана Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулары селдин кесепеттерин жоюу иштерин ушул күндөрү да улантып жатат. (ErN)

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG