Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДССУ) маалыматына ылайык, 2016-жылы Кыргызстанда 100 миң кишинин ичинен өз жанын кыйган эркектердин саны орто эсеп менен 13,2ни, аялдардын саны 3,5ти түздү.
Башкача айтканда, орто эсеп менен 2016-жылы өз жанын кыйгандардын саны Кыргызстанда 1020 кишини түзгөн. Бул тууралуу маалымат ушул уюмдун расмий сайтына жарыяланды.
Мисалы, Казакстанда ушул эле көрсөткүч эркектер арасында 38,3, аялдар арасында 7,6ны, Өзбекстанда эркектер арасында 9,9, аялдарда 4,8ди, Тажикстанда эркектер арасында 3,7, аялдарда 1,3тү түздү.
Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму статистикалык маалыматты эки жылдан кийин жарыялап турат. Уюмдун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз катчысынын айтымында, дүйнөдөгү маалыматты чогултуп, эсептеп чыгууга узак убакыт керек.
Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык жалпысынан Кыргызстанда 2016-жылы 33 миң 447 киши каза болгон. (KR)