Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Апрель, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:53

Иштамберди кенин иштетүү убактылуу токтотулду


Иштамберди кенин иштетүүгө каршы чыккандар.
Иштамберди кенин иштетүүгө каршы чыккандар.

Иштамберди кенин иштетүү убактылуу токтотулду. Бул тууралуу "Азаттыкка" Экотехинспекциянын Аксы, Ала-Бука, Чаткал райондору боюнча башкармалыгынын өкүлү Абасбек Мизамбеков билдирди.

Компанияга он пункттан турган жазма буйрук берилип, 210 миң сом айыппул салынды. Кемчиликтер жоюлгандан кийин иштегенге уруксат берилери айтылды.

Жалал-Абад облусундагы Ала-Бука-Чаткал жолундагы Иштамберди кенин иштетүүгө каршы жергиликтүү тургундар 12-июнда митингге чыккан. 200-300дөй адам ишкана мыйзамсыз иштеп жатканын белгилеп, анын экологиялык зыянын текшерүүнү жана элге компенсация төлөп берүүнү, зыяндуу заттарды колдонууга тыюу салууну, калдыктарды башка жакка чыгарууну талап кылышкан. Эртеси, 13-июнда алар менен өкмөт өкүлдөрү жолуккан.

Буга байланыштуу митингге чыккан 18 адамды 15-июнда милиция Жалал-Абад шаарына облустук ички иштер башкармалыгына алып кеткен. Кечээ, 17-июнда аларга түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөндөн кийин, кайра кое берилген.

Иштамберди алтын кенин кытайлык инвесторлорго таандык “Фулд Голд Майнинг” фирмасы иштетет жана анда 600дөй адам эмгектенет. (EBM/KR)

XS
SM
MD
LG