Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:02

Жарандык активисттер Тунгышбаевди колдоп пикетке чыгышты


Муратбек Тунгышбаевдин энеси.
Муратбек Тунгышбаевдин энеси.

Кыргызстандык жана казакстандык жарандык активисттер блогер Муратбек Тунгышбаевди колдоп, Казакстандын Бишкектеги элчилигинин алдына пикетке чыгышты. Арасында блогердин туугандары да бар. Анда казакстандык активистти куугунтуктоону токтотуу талабы коюлууда. Бул тууралуу укук коргоочу жана "Коомдук анализ институтунун" жетекчиси Рита Карасартова “Азаттыкка” билдирди.

Казакстандык активист жана блогер Муратбек Тунгышбаев казак бийлигинин өтүнүчү менен 10-майда Бишкекте кармалган. Ал ушу тапта Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагында отурат.

Астана блогерди "өлкөдө тыюу салынган “Казакстандын демократиялык тандоосу” кыймылын колдойт" деп айыптап жатат. Өзү жана туугандары бул айыпты саясий куугунтук катары баалап, эл аралык уюмдардан жардам сураган.

Буга чейин Тунгышбаевдин Кыргызстанга качкын макамын берүү тууралуу арызы каралып жатканын Мамлекеттик миграция кызматы кабарлаган. Акыйкатчы Кубат Оторбаев Тунгышбаевди Казакстанга өткөрүп бербөөгө чакырган.

Анын адвокаты Нурбек Токтакунов башкы прокурордун орун басары Жамиля Жаанбаеванын активистти Казакстанга кайтаруу тууралуу токтомуна каршы арыз менен сотко кайрылган.

19-июнда Бишкектин Октябрь райондук сотунда Тунгышбаевди эстрадициялоо боюнча иш каралат. (КЕ)

XS
SM
MD
LG