Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Март, 2021 жума, Бишкек убактысы 01:37

Кулматовго дагы бир кылмыш иши козголду


Кубанычбек Кулматов.

Бишкек шаарынын мурдагы мэри, Мамлекеттик бажы кызматынын мурдагы башчысы Кубанычбек Кулматовго дагы бир кылмыш иши козголду.

Бул тууралуу бүгүн Бишкек шаардык сотунда Кулматовдун бөгөт чарасы каралган учурда белгилүү болду. Мамлекеттик айыптоочунун айтымында, кылмыш иши Кылмыш-жаза кодексинин 350-346-беренелеринин (“Документтерди, мамлекеттик сыйлыктарды, штамптарды, мөөрлөрдү, бланктарды колго жасоо, даярдоо, сатуу же алардын жасалмаларын пайдалануу”, “Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү”) негизинде 14-июнда козголгон. УКМК бул маалыматты ырастап, толугураак маалымат берилерин билдирди.

Кулматовдун адвокаты Сергей Слесарев жаңы ачылган кылмыш иши тууралуу маалыматы жок экенин билдирди.

Бүгүн Бишкек шаардык соту Кубанычбек Кулматовдун бөгө чарасын карап, аны 28-июнга чейин камакта калтыруу жөнүндө райондук соттун чечимин күчүндө калтырган.

Кулматов "2014-жылы мэр болуп турган кезде Кытайдын ТВЕА компаниясы Бишкектин Жылуулук электр борборуна (ЖЭБ) жана Калыс-Ордо конушундагы мектептин курулушуна берген акчаны мыйзамсыз коротууга тиешеси бар" деп 5-июнда камакка алынган.

Кулматов өзүнө тагылган айыпка макул эмес экенин айтып келатат. (BkA/КЕ)

Пикирлерди көрүңүз (4)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG