Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:26

Токтогулда 1 млн. 548 миң сомдук зыян тийгизген коррупциялык схема табылды


Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматтын сүрөтү.
Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматтын сүрөтү.

Бул тууралуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат (Финполиция) билдирди.

Анын маалыматына караганда, Токтогул районунда "Кыргыз почтасы" мекемесинин жана Жол коопсуздугун камсыз кылуу бөлүмүнүн кызматкерлери биригип алып, административдик мыйзам бузуу катталган төрт миңдей протоколду жашырып, алар боюнча төлөнгөн айыппулдар кассага келип түшпөй калганы аныкталды. Натыйжада мамлекеттик бюджет 1 миллион 548 миң 400 сомго зыян тарткан.

Финполиция чогулткан материалдардын негизинде Токтогул райондук прокуратурасы Кылмыш-жаза кодексинин 304-беренеси ("Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу"), 171-беренеси ("Ишенип берилген мүлктү ээлеп алуу") жана 316-беренеси ("Шалаакылык") менен кылмыш ишин козгогон. (KR)

XS
SM
MD
LG