19-июнда түнкүсүн жаан-чачын болбойт, күндүз тоо этектеринде жана тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Бийик тоолорго кар түшөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 14...19, күндүз 29...34,
Талас жергесинде түнкүсүн 12...17, күндүз 29...34,
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 13...18, күндүз 29...34,
Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 7...12, күндүз 23...28,
Нарын облусунда түнкүсүн 6...11, күндүз 25...30,
Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -3...+2, күндүз 8...13 градус болот.
Бишкек шаарында жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Түнкүсүн 17…19, күндүз 32…34 градус жылуу болот.
Чукул билдирүү:
19-23 июнда күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу дарыяларда суу көбөйүп, айрым аймактарда сел жүрүшү ыктымал.