Линктер

бейшемби, 19-июль, 2018 Бишкек убактысы 06:29

АКШнын жарандыгын алган өзбекстандык Закир Алиев мекенине туугандары менен учурашканы келгенде камакка алынганын Парижде жайгашкан укук коргоочулардын бирикмеси билдирди.

17-июнда полиция Алиевди ал Кашкар-Дарыя облусундагы Карши шаарына келгенден кийин бир сааттан соң кармады.

46 жаштагы Алиев 1990-жылдардын башында АКШга кеткен бойдон көп жылдар бою туугандарын көргөн эмес. Шавкат Мирзиёев президент болуп шайланган соң өз мекенине барып келмекчи болгон.

Укук коргоочулардын билдирүүсүнө караганда, ал АКШдагы өзбек элчилигинен туугандарынын чакыруусунун негизинде 90 күндүк виза алып учуп келген.

Кашкар-Дарыя облусунун жетекчилиги Алиев эмне себептен кармалганын туугандарына түшүндүрө элек. Ал Кошмо Штаттарда жеке салык кызматында иштейт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG