Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:05

Жапонияда жер титирөөдө үч киши мерт болду


Коопсуздук кызматкери элге кайда барышты түшүндүрүп жатат, 18-июнь, 2018-жыл.
Коопсуздук кызматкери элге кайда барышты түшүндүрүп жатат, 18-июнь, 2018-жыл.

Жапониянын чыгышындагы Осака шаарындагы жер титирөө кеминде үч кишинин өмүрүн алып, ондогон адам жарадар болду. "Киодо" маалымат агенттиги кабарлагандай, набыт болгондордун бири тогуз жаштагы секелек, экөө сексенден ашкан карыялар.

18-июндагы жер титирөөнүн күчү 6,1 баллга жеткенин Жапониянын Метеореологиялык агенттиги билдирди. Табигый кырсык эл жумушка жөнөп жаткан учурда болгондуктан Осака аймагындагы транспорт да токтоду. Бийлик өзөктүк реакторлор зыянга учурабаганын маалымдады. Осака шаарындагы 170 миңдей үй электр жарыгысыз калганын жергиликтүү маалымат каражаттары кабарлашты.

2011-жылы "Фукусима" атомдук станциясы жайгашкан аймакта катуу жер титирөө болуп, дүйнөдөгү эң чоң өзөктүк кырсыктардын бири катары тарыхта калган. Анда жер титирөө менен цунамиден 18 миңден ашуун адамдын өмүрү кыйылып, "Фукусиманын" үч өзөктүк реактору бузулган.

XS
SM
MD
LG