Стамбул аэропортунан жоголуп кеткен кыргызстандык Нургиза Кулманбетова Кыргызстанга кайтып келди.
Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Айымкан Кулукеева билдирди. Маалыматка караганда, 15-июнда элчиликтин кызматкерлеринин жана бир тууганынын коштоосунда Анкаранын аэропортуна жеткирилип, Бишкекке учуп келген.
11-июнда “Кумтөр” компаниясында иштеген кыргызстандык Нургиза Кулманбетова Торонто-Стамбул-Бишкек рейси менен учуп келе жатып, болжол менен Стамбулдун аэропортунун аймагынан дайынсыз жоголгон. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигине кыздын жакындары 13-июнда кайрылган. Анын 13-июнда Анкаранын мамлекеттик ооруканасынан табылганы айтылган.
Кулукееванын айтымында, Кулмамбетова өзү окуя тууралуу коомчулукка айтуудан баш тарткан. (КЕ)