Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:05

Евробиримдик Крымга каршы санкцияны дагы бир жылга узартты


Деңиз жээгиндеги Севастополь шаары. 18-ноябрь, 2017-жыл.
Деңиз жээгиндеги Севастополь шаары. 18-ноябрь, 2017-жыл.

18-июнда Брюсселде жолуккан биримдиктин министрлери 2014-жылы Орусия Крымды аннексиялап алгандан кийин киргизилген чараларды узартты. Шаркеттин элчилери мындай чараны бир ай мурда колдошкон.

Төрт жыл мурда киргизилген санкциялар Крым менен Севастополдон азыр-түлүк импорттоого, аннексияланган аймактын экономикасына инвестиция салууга, европалык саякат кемелеринин Крымдын портторуна киришине, Крымдын компанияларына белгилүү бир товарларды жана технологияны киргизүүгө чектөө койгон.

Евробиримдиктин тышкы иштер мекемесинин билдирүүсүндө шаркет Крым менен Севастополдун Орусияга кошулушун мыйзамсыз деп эсептей тургандыгы жана баштагыдай эле Украинанын аймактык биримдигин колдоору баса белгиленет.

XS
SM
MD
LG