Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:03

КСДП "Сомалиге берилиши мүмкүн" деген тик учактар боюнча маалымат таратты


Алмазбек Атамбаев президент болуп турган учурдагы тик учактарды Сомалиге ижарага берүү боюнча буйругу.
Алмазбек Атамбаев президент болуп турган учурдагы тик учактарды Сомалиге ижарага берүү боюнча буйругу.

Кыргызстан социал-демократиялык партиясы (КСДП) "Сомалиге ижарага берилди" деген тик учактар боюнча маалымат таратты. Партиянын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева муну кезектеги “жалган” маалымат катары мүнөздөп, айрым маалыматтар бурмаланып, бир тараптуу берилип жатканын белгилеген. Мындан сырткары маалыматтын башка жагы атайылап жашырылганы айтылат.

- Биринчиден, бул Башкы штабдын демилгеси болгон. Экинчиден, бул демилге ишке ашкан эмес. Тик учактар Кыргызстанда калган. Бул негизинен экс-президенттин аброюна көлөкө түшүрүү максатында жасалып жатканы түшүнүктүү эле болуп турат. Алгач ошол кездеги Башкы штабдын жетекчиси генерал Алымкожоев эмнеге негиздеп бул демилгени көтөргөнүн билиш керек болчу. Анткени мамлекет башчы өзүнүн чечимдеринде тиешелүү органдардын сунушуна жана негиздемелерине таянган.

Кыргызстандын төрт тик учагын Сомали мамлекетине ижарага берүү боюнча Башкы штаб сунуш кылган келишимди карап чыгуу тууралуу буйрукка экс-президент Алмазбек Атамбаев кол койгонун мурдагы коргоо министри Абибилла Кудайбердиев “Азаттыкка” билдирген болчу.

14-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында парламент депутаты Каныбек Иманалиев "Коргоо комитетинин төрт тик учагы Сомали мамлекетине ижарага берилгени жатат" деген маалыматты териштирип, келишим түзгөн жетекчилерди жоопко тартуу керек экенин билдирген. Иманалиев учактардын экөө Америкадан, экөө Орусиядан жардамга алынганын айткан. (КЕ)

XS
SM
MD
LG