Линктер

жума, 21-сентябрь, 2018 Бишкек убактысы 11:47

Ала-Букада "жоголгон өспүрүмдү зордуктады" деп шектелген жигит сурак берүүдө


Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгы.

Жалал-Абаддын Ала-Бука районунун Сары-Талаа айылынын 25 жаштагы тургуну "жашы жете элек кызды зордуктады" деген шек менен кармалып, сурак берип жатат.

Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, 15-июнда 17 жаштагы окуучу кыздын кечкисин дайынсыз жоголгону тууралуу ата-энеси райондук милицияга арыз жазып кайрылган.

Териштирүүнүн натыйжасында шектүү жигит ошол түнү аны өз автоунаасында алып жүргөнү аныкталган. Учурда бардык жагдайды милиция КЖКнин “Зордуктоо” беренеси менен козголгон кылмыш ишинин алкагында териштирип жатат.

Айрым маалыматтарга караганда зордуктоого шектелип жаткан жигит жабыркаган кыз менен бип топтон бери мамиле куруп, сүйлөшүп жүргөндүгү айтылат.

  • 16x9 Image

    Руслан Калматов

    "Азаттыктын" Жалал-Абад облусундагы кабарчысы. Жалал-Абад Мамлекеттик университетинин филология жана журналистика факультетин аяктаган.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG