Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:18

Германияда "Audi" концернинин жетекчиси Руперт Штадлер камалды


Руперт Штадлер.
Руперт Штадлер.

Мюнхендин прокуратурасы "Audi" автомобил концернинин жетекчиси Руперт Штадлер (Rupert Stadler) кармалганын билдирди. Тергөөнүн материалдарында кылмышка шектүү дизел чырына аралашканы, "эркиндикте жүрсө иликтөөгө тоскоолдук кылат" деген негизде камакка алынганы айтылат.

Прокуратура автоконцердин жетекчиси дизел менен жүргөн автоунаалардын абага зыяндуу газдарды бөлүп чыгаруу программасын атайылап аз көрсөткүчкө тууралашкан деп шектенип жатат.

"Volkswagen" концернинин баш кеңсесинин өкүлү 2007-жылдан бери "Аudi" компанияcын жетектеген Штадлер кармалганын ырастады.

Өткөн аптада полиция Штадлердин батиринде тинтүү жүргүзгөнүн немис маалымат каражаттары жазып чыгышты.

XS
SM
MD
LG