Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:39

Бишкекте эки миңдей ок-дарысы менен курал табылды


Кыргызстандан мурда табылган курал-жарак. Иллюстрациялык сүрөт.
Кыргызстандан мурда табылган курал-жарак. Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкек шаарынын 55 жаштагы тургуну курал катылган тунуке кутучасын таап алганын айтып, ички иштер башкармалыгына кабарлаган. Жеринде текшерүү учурунда милиция кызматкерлери андан “Макаров” тапанчасын (9 мм) 1200 огу менен табышкан.

Кинологиялык борбордун атайын даярдалган ити андан ары дагы башка курал жашырылган жерди аныктаган. Ал жердеги кутучадан “Калашников” (7,62 мм) автоматы 700 огу менен алынган.

Ушул күндөрү Чүйдүн Сокулук районунун тургуну жана Ысык-Көлдүн Тоң районунун тургундары 12 калибрдеги ок атуучу куралдарын өз эрки менен милицияга тапшырган. Мындан сырткары Кадамжай районунан жана Ноокен районунан да жергиликтүү жашоочулардан бирден “ТОЗ” үлгүсүндөгү мылтыктар алынган.

Ички иштер министрлиги куралдарды жана ок-дарыны, жарылуучу заттарды жана жарылуучу буюмдарды мыйзамсыз түрдө алуу, сатуу, ташуу, колдонуу, сактоо жана алып жүрүү кылмыш жоопкерчилигине тартыла турганын эскертет. Мыйзамдарга ылайык мындай жолго баргандарга эркинен ажыратууга чейин жаза чегерилет. Ошол эле кезде курал-жаракты өз ыктыяры менен тапшырган жаран кылмыш жоопкерчилигинен бошотулат. (ErN)

XS
SM
MD
LG