Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 03:37

Бүгүн Баткенде премьер-министрдин жумуш сапары уланат


Мухаммедкалый Абылгазиев Баткенде.
Мухаммедкалый Абылгазиев Баткенде.

Өкмөт башчы Мухеммедкалый Абылгазиев бүгүн Баткенде Индустриялык соода логистикалык борбору курула турган жер менен таанышат. Бул тууралуу өкмөттүн аппараты кабарлады.

Ал айыл чарба өндүрүмүн кайра иштеп чыгаруучу кичи заводдун ишмердүүлүгүн көрүп чыгат. Бүгүн да селден зыян тарткандардын абалын сурайт.

Премьер-министрдин облустагы жумуш сапары 18-июнда башталган. Кечээ өкмөт башчы Баткен облусундагы сел каптаган айылдарга барып, жабыр тарткандардын абалы менен таанышкан. Ал ошондой эле Тажикстан менен чектеш аймактагы чыр-чатак чыккан Максат айылынын тургундары менен жолукту.

15-июндан берки катуу жаан-чачындан улам Баткен облусунда жалпысынан 259 үйдү сел каптаган. Алардын көбүнүн короолоруна суу кирип, бир тобунун ичине кирип кеткен. Бир нече үйлөрдүн дубалдары бузулган. Селге байланыштуу 15-июнда Лейлек, Баткен жана Кадамжай райондорунда өзгөчө кырдаал режими киргизилген. (ErN)

XS
SM
MD
LG