Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:34

Трамп: АКШ “мигранттардын лагери” болбойт


Техастагы мигранттар үчүн транзиттик борбордогу каршылык акциясы. 2018-жылдын 17-июну.
Техастагы мигранттар үчүн транзиттик борбордогу каршылык акциясы. 2018-жылдын 17-июну.

АКШ президенти Дональд Трамп Кошмо Штаттар “мигранттардын лагери болбойт" деп билдирүү жасап, иммиграциялык мыйзам базасын түзүүгө администрация менен кызматташпаганы үчүн демократтарды айыптады.

18-июнда Улуттук космос кеңешинин Ак үйдө өтүп жаткан жыйынында Трамп мигранттар жана алардын үй-бүлөлөрү боюнча өзүнүн дарегине карата кийинки убакта күчөп жаткан сын-пикирлерге жооп берди. Трамптын айтымында, АКШ качкындарды камсыз кылуучу жерге айланбайт. Ал Кошмо Штаттарда эмгекке негизделген иммиграциялык система болушу керек экенин дагы бир ирет белгиледи.

АКШда акыркы кезде виза алыш үчүн үй-бүлө кургандарды ажыратуунун айланасында талаш күч алган. Аларды бөлүү мурда көп колдонулбай келсе, азыр федералдык агенттер ушундай жол менен жарандык алгысы келгендерди артка кайтарууну күчөттү. Кийинки алты жумада эле эки миңдей жашы жете элек бала ата-энесинен ажыратылган.

Бул аракеттерди БУУ жана АКШдагы мурдагы аткаминерлер сынга алышкан. (ErN)

XS
SM
MD
LG