Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:08

ӨКМ: сел коркунучу сакталууда


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги аба ырайына байланыштуу чукул билдирүү таратты. Анда 19-23-июнда жаай турган нөшөргө байланыштуу айрым аймактарында сел жүрүшү мүмкүн экени айтылат.

Министрлик жергиликтүү калкты, мекеме-ишканаларды, уюмдарды арыктарды, суу өткөргөн түтүктөрдү жана ошондой эле дренаждык түйүндөрдү тазалоого чакырат.

15-июндан берки катуу жаан-чачындан улам Баткен облусунда жалпысынан 259 үйдү сел каптаган.

Селге байланыштуу 15-июнда Лейлек, Баткен жана Кадамжай райондорунда өзгөчө кырдаал режими киргизилген. Элдин короо-жайын суу каптаган учурлар өлкөнүн башка аймактарында да катталды.

Кечээ премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Баткен облусундагы сел каптаган айылдарга барып, жабыр тарткандардын абалы менен таанышкан. (КЕ)

XS
SM
MD
LG