Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 13:11

Футбол-2018: Мохаммед Салах бүгүн оюн талаасына чыгат


Мохаммед Салах.
Мохаммед Салах.

Дүйнө чемпионатынын алкагында бүгүн, 19-июнда Орусия - Египет командалары беттешет. Бул оюнда Египеттин көзгө басар оюнчусу Мохаммед Салах жашыл аянтка чыгары маалым болду. Ал буга чейин жаракатына байланыштуу Уругвайга каршы ойной алган эмес жана Египет ал матчта 1:0 эсебинде жеңилип калган.

Ал эми Орусиянын катарында жарым коргоочу Алан Дзагоев жаракатына байланыштуу командага жардам бере албайт.

Конок ээси Орусия буга чейин Сауд Арабиясын 5:0 эсебинде жеңип, өз тайпасында үч упайга ээ болгон. Египетте азырынча упай жоктугуна байланыштуу, “А” тайпасында Орусия менен Уругвайдан кийин жайгашты.

Бүгүн ошондой эле Польша менен Сенегал, Колумбия менен Япония “Н” тобунун алкагында ойномокчу. (SDz)

XS
SM
MD
LG