Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:15

Жасалма фитосанитардык сертификаттарды саткан схема аныкталды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат (Финполиция) экспортко чыккан товарларга фитосанитардык жасалма сертификаттарды саткан схеманы аныктады.

Финполиция тараткан маалыматка караганда, өсүмдүктөргө карантин департаментинин Чүй-Бишкек башкармалыгынын кызматкерлери 2015-жылдан 2018-жылга чейин Евразия Экономикалык Биримдигине кирген өлкөлөргө айыл чарба өндүрүмүн өткөрүш үчүн жасалма документтерди, фитосанитардык сертификаттарды жасап берген.

Бул факты боюнча Башкы прокуратура Кылмыш-жаза кодексинин “Алдамчылык”, “Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” жана “Кызматтык жасалмалоо” беренелеринин негизинде кылмыш ишин козгоду.

Жасалма документ жасаган жер аныкталып, ал жерден актай сертификаттар, патент, мөөр жана штамп, товар менен коштоп алып жүрүүчү кагаздар табылган. Буга тиешеси бар эки киши жана департаменттин эки кызматкери кармалып, убактылуу кармоо жайына камалды. (КЕ)

XS
SM
MD
LG