Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:52

БУУ: Былтыр дүйнөдө 69 миллиондой киши жер которду


Улуттар Уюмунун качкындар боюнча комиссары Филиппо Гранди. 22-ноябрь, 2017-жыл.
Улуттар Уюмунун качкындар боюнча комиссары Филиппо Гранди. 22-ноябрь, 2017-жыл.

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Качкындар агенттиги былтыр согуштун, зордук-зомбулуктун жана куугунтуктун айынан дүйнөдө 69 миллионго жакын киши жер которууга мажбур болгонун жарыялады. Бул соңку беш жылдагы эң жогорку көрсөткүч.

Эл аралык уюмдун жылдык баяндамасында качкындар менен өлкө ичинде жер которгондордун саны 2017-жылы 4,6% көбөйгөнү белгиленет. Анда качкындардын 70% Сириядан, Ооганстандан, Түштүк Судандан, Мьянмадан жана Сомалиден агылып чыкканы айтылат.

Улуттар Уюмунун качкындар боюнча комиссары Филиппо Гранди дүйнөдө жүрүп жаткан согуштар токтоп, кризис чечилсе качкындардын саны да азаярын белгилейт. “Бирок сөз болуп жаткан өлкөлөрдө тынчтыкты орнотуш үчүн эч кандай алгылыктуу иштерди көрө албай турабыз”, - деди комиссар Гранди.

Былтыр жыл этегине чейин Сириядагы жарандык согуштун айынан 6,3 миллион киши өлкөдөн чыгып кеткен. Эл аралык уюмдун баяндамасында бул дүйнөдөгү качкындардын үчтөн бир бөлүгүн түзөрү айтылат. Ошол эле маалда 6,2 миллион сириялыктар өлкө ичинде жер которууга мажбур болгон.

Ооганстанда болсо качкындардын саны былтыр 5% көбөйүп, 2,6 миллион кишиге жеткен. Буга негизинен балдардын көп төрөлүшү жана Германияда баш калка алган оогандардын көбөйүшү себеп болгон. Качкындарды көп кабыл алган өлкөлөр: Түркия, Пакистан, Ливан жана Иран.

XS
SM
MD
LG