Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:32

Масалиев: Сатыбалдиевдин кармалышында саясат жок


Исхак Масалиев.
Исхак Масалиев.

Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев мурдагы премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиевдин кармалышына байланыштуу “Азаттыктын” суроосуна жооп берип жатып билдирди:

- Бул жерде түзмө-түз депутаттык комиссия жалпы жыйында берген сунуштарынын натыйжасында чара көрүлүп жатат деп эсептейм. Кээ бирөөлөр "саясий куугунтук" деп айтып жатышат, мен ага кошулбайм. Ал саясатчы эмес, партиянын жетекчиси эмес. Ошондуктан мындай пикирлерге кошулбайм. Кармалган он кишинин баары жоопко тартылат дегенден да алысмын. Тергөө аягына жеткенде сот карайт.

Бишкек шаарындагы Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) модернизациялоодогу коррупция фактысы боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 30-беренесинин 6-бөлүгүндө (“Кылмышка шериктеш болуу”) жана 303-беренесинин 1-бөлүгүндө (“Коррупция”) каралган кылмышка шектүү катары мурдагы премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев 18-июнда кармалган.

Бишкек ЖЭБиндеги кырсыкты жана аны оңдоого алынган каражатты иликтеген депутаттык комиссиянын буга чейин жарыяланган корутундусунда бул ишке тиешеси бар киши катары 30дай адамдын аты-жөнү жарыяланган. Анда Сапар Исаковдун, Осмонбек Артыкбаевдин, мурдагы премьер-министрлер Жантөрө Сатыбалдиевдин, Жоомарт Оторбаевдин жана башкалардын аты аталган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG