Бүгүн Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунда казакстандык активист, блогер Муратбек Тунгышбаевдин иши каралды. Анда Кыргызстандын Башкы прокуратурасынын активистти Казакстанга өткөрүп берүү тууралуу токтому каралды. Соттук отурумда айыптоочу тараптын макулдугуна карабастан видео тартууга уруксат берилген жок.
Соттук отурумда Муратбек Тунгышбаевдин жактоочуларынын бири Нурбек Токтакунов айыпталуучунун Кыргызстандан башпаанек алуу укугу чектелип жатканын билдирип, жалпы ишти УКМК жана Башкы прокуратура эмес, соттор карашы керек экенин айтты.
Ал ошондой эле Кыргызстандын да, Казакстандын да мыйзамдарына ылайык Тунгышбаевди "кылмыш кылды" деп айыптоого негиз жок экенин билдирди:
- Казакстандын ачык расмий Интернет булактарында "Казакстандын демократиялык тандоосу" кыймылын экстремисттик деп тааныган расмий документти тапкан жокмун. Бирок ал жакта "уюм казак бийлигин сындаганы үчүн, бийликтин терс образын жаратканы үчүн экстремисттик деп табылды" деп жазылган. Бирок оппозиция дайыма бийликтин ишин сындайт да. Бул саясий процесстин кадыресе көрүнүшү. Кыргызстанда мындай иш-аракет кылмыш деп эсептелбейт. Кишинев конвенциясына ылайык эгер качкындын иш-аракети биздин өлкөдө кылмыш деп эсептелбесе, аны өткөрүп бербеш керек.
Соттук отурумга Тунгышбаевдин жубайы жана апасынан тышкары укук коргоочу Рита Карасартова, жарандык активисттер Адил Турдукулов жана Өндүрүш Токтонасыров катышты. Бир топ укук коргоочулар 20-июнда Ак үйдүн алдына Муратбек Тунгышбаевди Казакстанга өткөрүп берүүгө каршылык билдирип, акцияга чыгат.
Натыйжада соттук отурум 25-июнга жылды.
Казакстандык активист жана блогер Муратбек Тунгышбаев казак бийлигинин өтүнүчү менен 10-майда Бишкекте кармалган. Ал ушу тапта Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагында отурат.
Астана блогерди "өлкөдө тыюу салынган “Казакстандын демократиялык тандоосу” кыймылын колдойт" деп айыптап жатат. Өзү жана туугандары бул айыпты саясий куугунтук катары баалап, эл аралык уюмдардан жардам сураган. (KR)