Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:12

Крымда сот беш татар активистти шарттуу кести


Сот жообуна тартылгандардын бири Мустафа Дегерменжи. 18-июнь, 2018-жыл.
Сот жообуна тартылгандардын бири Мустафа Дегерменжи. 18-июнь, 2018-жыл.

Орусия аннексиялап алган Крымда «26-февраль иши» боюнча беш активистке жаза чегерилип, сот аларды шарттуу кести.

Али Асанов менен Мустафа Дегерменжи төрт жарым жылга, Арсен Юнусов менен Эскендер Кантемиров төрт жылга, Эскендер Эмирвалиев үч жарым жылга шарттуу кесилгенин «Азаттыктын» орус кызматы кабарлады.

Орусиянын тергөө органынын маалыматына ылайык, 2014-жылдан 26-февралында Украинанын аймактык бүтүндүгүн жактап чыккан миңдеген адамдар менен «Орус биримдиги» партиясынын активисттери кагылышкан. Тополоңдо эки киши өлүп, 80дей киши адам ар кандай жараат алган.

Бүгүн жаза чегерилген беш активист тополоңго айыпталып 2015-жылы кармалган. «26-февраль иши» боюнча биринчи жазага Крым-татарларынын межлисинин төрагасынын орун басары Ахтем Чийгөз тартылган. Орус бийлиги аны сегиз жылга эркинен ажыраткан, бирок бир аздан соң ырайым берилип, Украинанын аймагына өткөн.

Москва "Крым Орусияга “элдин эркина” ылайык, 2014-жылдын 16-мартындагы референдумдун натыйжасында кошулду" деп ырастап жүрөт.

Крым аннексиялангандан кийин АКШ жана Евробиримдик Орусияга каршы санкцияларды киргизген. Ал санкциялар азыр да күчүндө.

XS
SM
MD
LG