“Борбор Азияда жакырчылыкты азайтуу” долбоорунун алкагында Баткен облусундагы чек ара аймактарында жашаган эки миңден ашык адам юридикалык жардам алды. Бул тууралуу долбоордун ассистенти Айбек Муратов "Азаттыкка" билдирди.
Тургундарга үй-бүлөдөгү бардык маселелер боюнча укуктук маалымат берилип, муктаж болгон 140 адамга юридикалык көмөк көрсөтүлдү.
“Борбор Азияда жакырчылыкты азайтуу” долбоору 2015-жылы башталып, быйыл бүттү. Аны “Хелп Эйж Интернэшнл Кыргызстан” уюму "Баткен айылдык консультациялык кызматы" уюму менен кошо жүргүзгөн. Долбоорду "Big Lottery Fund и Age International" фонду каржылаган.
Долбоор Кыргызстандын Баткен облусу менен Тажикстандын Согди облусун камтыган. Эки облустан жалпы жонунан 20 айылга, ар бир айылда карысы бар 25тен үй-бүлөгө көмөк көрсөтүлгөн. Мунун алкагында 500дөй кожолукка тоокканалар жана күнөсканалар берилген. (ErN)