Линктер

шаршемби, 21-ноябрь, 2018 Бишкек убактысы 09:36

Канада кара куурайды мыйзамдаштырды


Кара куурай. Иллюстрациялык сүрөт.

Канада парламентинин жогорку палатасы 19-июнда кара куурайды (марихуана) мыйзамдаштырууга добуш берди. Мыйзам 8-12 жумадан кийин күчүнө кирет.

Канада кара куурай өндүрүүнү, колдонууну жана сатууну мыйзамдаштырган Уругвайдан кийинки экинчи өлкө болуп калды. Канадалыктар эми жанында 30 граммга чейин нашаа алып жүрүүгө жана төрт түп кара куурай өстүрүүгө укуктуу болот.

Канаданын премьер-министри Жастин Трюдо парламент мүчөлөрүнүн чечимин кубаттады. "Биздин балдарыбыз кара куурайды оңой эле таап алчу, ал эми кылмышкерлер үчүн бул киреше табуунун оңой жолу болчу. Бүгүн биз муну өзгөртөбүз" деп жазды ал "Твиттердеги" баракчасына. Марихуананы мыйзамдаштыруу Трюдонун шайлоо алдында берген убадаларынын бири болчу.

Мындай чечимге каршылар баңгизат эми балдар үчүн да жеткиликтүү болуп, анын кесепетин болжолдоо кыйын экенин айтып чыгышты.

XS
SM
MD
LG