Линктер

дүйшөмбү, 24-сентябрь, 2018 Бишкек убактысы 19:18

Жогорку Кеңеште жаңы депутаттар ант берди


Жогорку Кеңештин депутаттары Тариел Жоробеков менен Бактыбек Турусбеков.

Жогорку Кеӊеште "Республика – Ата Журт" жана "Бир Бол" саясий партияларынын тизмелери боюнча депутат болушкан Тариел Жоробеков менен Бактыбек Турусбеков ант берип, өз депутаттык ыйгарым укуктарын аткарууга киришти. Алар жакында депутаттык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган Болотбек Ибраимжанов менен Игорь Чудиновдун ордуна келишти.

Ибраимжанов өткөн аптада Мамлекеттик миграция кызматынын жетекчиси болуп дайындалган. Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) Жогорку Кеңештин депутаты Игорь Чудиновду соттун чечимине ылайык мандатынан ажыраткан.

Октябрь райондук сотунун 2017-жылдын 19-декабрындагы өкүмү менен депутат Игорь Чудинов Кылмыш-жаза кодексинин 304-беренесинин 4-бөлүгү менен күнөөлүү деп табылып, 5 млн. сом айыпка жыгылган. 2018-жылдын 1-июнунда Бишкек шаардык соту бул өкүмдү күчүндө калтырган. Ал "Жер тилкесин мыйзамсыз трансформациялаган" деп айыпталган экс-депутат Карганбек Самаковдун ишине тиешеси бар деп айыпталууда. (КЕ)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG