Мамлекеттик салык кызматы берген маалыматка караганда, жыл башынан бери ал 4 817 ишкердик субъектилерде текшерүү жүргүздү. Анын жыйынтыгында 19,9 млрд. сом өлчөмүндө жашырылган салык бюджетке төгүлдү. Бул былтыркыга салыштырмалуу 14,5 млрд. сомго көп.
Салыктык текшерүүлөрдүн материалдары боюнча келип түшкөн акча 2 млрд 340 млн. сомду түзгөн. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 743,3 млн. сомго көп. Жыл башынан бери кошуп эсептелген 3 млрд. 569,3 млн. сом өлчөмүндөгү салыктык текшерүүлөрдүн 67 материалы тийиштүү чара көрүш үчүн укук коргоо органдарына берилди. (КЕ)